Тамеки тартууга тыюу салынды. Ошондо кайсы жерлерде чегүүгө болот?
RU

Тамеки тартууга тыюу салынды. Ошондо кайсы жерлерде чегүүгө болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 13-октябрдан тартып, коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

Тамеки чегүүгө тыюу салынган жерлер:

  • Менчигине карабай кире бериштерде, лифттерде, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы аймактарында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • автовокзал, темир жол бекеттерде;
  • калкка кызмат көрсөтүлүүчү имараттарда, мейманканаларда, коомдук тамактануу пункттарында (ашканалар, кафелер, ресторандар), соода объектилеринде, анын ичинде базарлардын аймагында;
  • мамлекеттик имараттарда;
  • жумуш орундарында;
  • өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде май куюучу жайларда;
  • коомдук транспортто жана таксилерде, учакта жана поезддерде;
  • оюн аянтчаларында;
  • реабилитациялык жана санаториялык кызматтарды көрсөтүү боюнча медициналык мекемелерде;
  • коомдук транспорттун аялдамаларында;
  • ачык жерлерде ар кандай маданий иш-чаралар, сынактар, промоушндар учурунда;
  • пляжда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарованын айтымында, мыйзам алдындагы актылар иштелип чыга элек.

Кайсы жерде тамеки чегүүгө болот деген суроого, ал Kaktus.media сайтына эл көп баспаган көчөдө, аялдамалардын жанында (жок дегенде эки метр алыста), ачык кафелердин аймагында же тамеки чегүү мүмкүн болгон жерлерде.

"Эгерде көчөдө кандайдыр бир иш-чара болсо, анын уюштуруучулары атайын тамеки чегүү жайын уюштурушу керек. Бирок, эл көп чогулган борбордо эмес, бир четинде. Тамеки чеккен жерлер пляждарда да уюштурулушу керек", - дейт ал.

Белгилей кетчү нерсе, мыйзам күчүнө кирген күнү, 13-октябрда, палатанын сессиясы өткөн Жогорку Кеңештин имаратында кимдир бирөө чылым чегип жатканы анык. Анткени бешинчи кабатта, журналисттер отурган жерде тамекинин жыты ачык сезилген.

Сиздин оюңузча мыйзам иштейби?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3964