Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат
RU

Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-ноябрь Октябрь революциясынын Тарых күнү жана 8-ноябрь ата-бабаларды эскерүү күнү. Демилге 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлгөн. Бул майрамдар Кыргызстанда 2018-жылдан бери белгиленип келет.

7-ноябрь ушул жылдын жекшембисине туш келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү эс алуу күнүнө айланат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, 6, 7, 8 жана 9-ноябрда эс алуу күндөрү болот. Ал эми кыргызстандыктар шаршемби күнү, 10-ноябрда жумушка чыгышат.

Эске салсак, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев жаңы майрамдарды киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Андан кийин ал майрамдардын киргизилишин "1916-жылдагы каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларына объективдүү тарыхый баа берүү" менен түшүндүрүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3965