"Талибдер" Путиндин КМШ өлкөлөрүнө берген эскертүүсүнө жооп беришти
RU

"Талибдер" Путиндин КМШ өлкөлөрүнө берген эскертүүсүнө жооп беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Россиянын президенти Владимир Путиндин Афганистандын түндүгүндө "Игилдердин" болушу коркунучтуу деп айтканы негизсиз ", - деп билдирди Талибандын маданият иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани орус лидеринин билдирүүсүнө жооп берип жатып. Бул тууралуу Афган телеканалы TOLOnews кабарлады.

Талибандын өкүлүнүн айтымында, "Ислам маллекети" Афганистандын бир дагы аймагында калктын колдоосуна ээ эмес. Lenta.ru.

Жума күнү, 15-октябрда, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Путин Афганстандын түндүгүндө 2000дей "Игилдер" топтолгонун айткан.

Орус лидери мурда Ирак менен Сирияда согушкан террористтер эми Афганистанда чогулуп жатканына тынчсызданганын билдирген. Ошондой эле Афганистанда алардын саны эки миңден ашарын жана алар өлкөнүн түндүгүндө жайгашканын баса белгиледи.

"Топтун лидерлери Борбор Азия мамлекеттерине, Россиянын региондоруна өз таасирин жайылтууну пландап жатышат. Алар этникалык жана конфессиялык конфликттерди жана диний кастыкты козутуу менен алектенишет. Террористтер коңшу аймактарга, анын ичинде качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатышат", - деди орус президенти.

Ал КМШ өлкөлөрүн Афганистандан келген согушкерлерге каршы турууга даяр болууга чакырды.

14 -октябрда, саммитке бир күн калганда, КМШ өлкөлөрүнүн күч органдары менен болгон жолугушууда Путин: "Буга байланыштуу Афганистан чек арасындагы абалды дайыма көзөмөлдөп, согушкерлерге каршы турууга даяр болуу жана бул үчүн коопсуздук күчтөрүнүн ишин координациялоо, керек болсо биргелешкен атайын операцияларды өткөрүү маанилүү", - деп кошумчалаган.

Путин америкалык аскерлер чыгарылгандан кийинки өлкөдөгү кырдаалды оор деп атап, ал "Ислам мамлекетинин" топторунун аракеттери менен гана таталдашарын айтты.

Ошондой эле КМШ лидерлерин талибдерди расмий түрдө таанууга шашпоого чакырды:

Биз азырынча талибдерди расмий түрдө таанууга шашылбашыбыз абзел. Алар менен өз ара аракеттенишибиз керек экенин түшүнүп турабыз, бирок, шашпайлы. Муну талкуулап, консультацияларды өткөрөбүз. Бирок, биз афган элдешүү процессин колдоп, өлкөдөгү абалды нормалдаштыруу керек.

Буга чейин Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери жана Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон онлайн жолугушууда чек арадагы абал тууралуу айткан.

"Тажик - Афган мамлекеттик чек арасында абал бир топ оор. Пакистандан кийин эле Тажикстан Афганистан менен эң узун (1425 км) чек арага ээ. Биз Афганистандан Тажикстанга көчүүнү каалаган адамдардын чабуулун сезип жатабыз", - деди Ятимов.

"Өлкөдөгү афган качкындарынын саны буга чейин 15 миңден ашкан. Күн сайын 500-600 адам тажик-афган чек арасынан өтүүнү каалашат. Биз баңгизаттарды, курал-жарактарды, ок-дарыларды аткезчиликке тартуу аракеттеринин көбөйгөнүн сезип жатабыз", - деп Тажикстандын УКМК башчысы кошумчалады.

Ал "Тажикстан азыр чындыгында ушундай абалда. 24 саат даяр болуп, күнү-түнү иштөө керек" деди.

Анын айтымында, Афганистандагы азыркы кырдаал бир гана Тажикстандын коопсуздугуна, Борбордук Азия өлкөлөрүнө эле эмес, бүт постсоветтик мейкиндикке, өзгөчө мусулман калкы бар региондорго реалдуу коркунуч туудурат.

"Биздин аймакта ислам динин негиз кылып, кырдаалды туруксуздаштырууга конкреттүү каалоо бар", - деп баса белгиледи Ятимов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3966