Эдил Байсалов коронавирус менен күрөшүү штабын жетектейт
RU

Эдил Байсалов коронавирус менен күрөшүү штабын жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, жыйын учурунда COVID-19га каршы калкты эмдөө жана вакцинанын жеткирип берүү менен анын запастары талкууланды.

Эдил Байсалов жарандар арасында вакцинациядан өтүү зарылдыгы боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгилеген.

Андан тышкары кызыл зонада иштеген медиктерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөп берүү маселеси да каралды.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 20-марттагы №171-буйругуна ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары автоматтык түрдө оперативдүү штаттын төрагасы болуп дайындалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3969