Эдил Байсалов: Марипов президент ага арткан үмүттү актай алган жок
RU

Эдил Байсалов: Марипов президент ага арткан үмүттү актай алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов "Ала-Тоо-24" каналынын "Маек" программасына кеңири интервью берип, түз эфир учурунда Улукбек Мариповдун эмне себептен кызматынан алынгандыгына да токтолду.

Анын пикири боюнча, экс-премьер жана анын командасы президенттин үмүтүн актай алышкан жок, алар берилген темпке чыдабай коюшту. Себеби, президент ойлонуп отурууга, акыл калчап бардыгын таразалап отурууга убакыт короткусу келбейт. Ал тездикти, чечкиндүүлүктү, темпти каалайт!

"Мариповдун бийлиги чечим кабыл алууга өтө көп убакыт коротчу. Балким, анын мурунку иш тажрыйбасы таасирин тийгизгендир. Ал Эсеп палатасынан келбедиби, көп ойлонуп, таразалай берчү, анан өкмөт эффективдүү жана мобилдүү боло алган жок. Тилекке каршы, ал өлкө башчысы жана эл ага арткан үмүттү актай алган жок", - деп Эдил Байсалов жеке пикирин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3972