Эсеп палатасы: Кумтөрдөн алынган 5 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган
RU

Эсеп палатасы: Кумтөрдөн алынган 5 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөрдөн түшкөн 5 миллиард сомдон ашык каражат башка максаттарга жумшалган. Бул тууралуу Эсеп палатасынын 2020-жылдагы отчетунда айтылды.

2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кумтөрдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу боюнча абал бузулгандыгы көрүнүп турат.

Тактап айтканда, конкурстук комиссиялардын жана өкмөттүн чечимдерисиз 3 миллиард 843 миллион сомдон ашык бюджеттин учурдагы чыгымдарын жабууга жумшалган.

Ошондой эле 1 миллиард 72 миллион - "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасынын алкагында региондорду өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

Мындан тышкары, 522 миллион сом казыналык системадан тышкары сарпталган. Башкача айтканда, алар 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө чагылдырылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3979