Афганистанда жанкечтилердин үй-бүлөлөрүнө жер бөлүштүрүлөт
RU

Афганистанда жанкечтилердин үй-бүлөлөрүнө жер бөлүштүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Талибан" өкмөтүндөгү Афган ички иштер министринин милдетин аткаруучу Саражуддин Хаккани жанкечтилердин үй-бүлөлөрүнө акча жана кийим-кече тапшырды. Ошондой эле аларга жер бөлүштүрүп берүүнү да убада кылды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, Хаккани бул жолугушууну Кабулдагы эң атактуу мейманканалардын биринде - падыша Захир Шахтын тушунда чет элдик туристтерди кабыл алуу үчүн курулган беш жылдыздуу Intercontinental мейманканасында өткөргөн.

Хаккани "шейит кеткендерди" мактап, аларды "исламдын жана өлкөнүн баатырлары" деп атады. Министрликтин басма сөз катчысы Кари Саид Хости "Жолугушуунун аягында үй-бүлөлөргө 110 доллардан ашык каражат жана кийим-кечелерди таратып берди. Андан сырткары ар бирине жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылды", - деп РИА новости жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3995