Канат Исаевдин эжеси кызматтан бошотулушу боюнча комментарий берди
RU

Канат Исаевдин эжеси кызматтан бошотулушу боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-январда, Токмок шаарынын дарыгерлери мэриянын алдына митингге чыгышты. Медиктер алардын директору Бактыгул Исаеванын жумуштан кетишине каршы болуп жатышат.

Kaktus.media'нын редакциясы Исаевага кайрылып комментарий алды.

- Мени азырынча жумуштан кетирише элек. Бирок кечээ күнү бизге Саламаттыкты сактоо министрлигинин 11-январда чыккан буйругун көрсөтүштү. Ага ылайык, бизди бириктиришиптир. Бул Үй-бүлө медицинасынын борбору, Токмоктун аймактык ооруканасы жана Чүй облусунун стоматологиялык поликлиникасы. Аталган медициналык мекемелердин базасында Токмоктун жалпы дарыгерлик борборун түзүп жатышат. Анын директору болуп Айгул Сыдыкова дайындалды. Ал - Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору болчу.

Буйрук менен таанышып чыгып, кандай критерий менен жетекчилер дайындалганын сурадым. Мага, жаш куракты эске алгандыгын айтып, жаштарга артыкчылык берилгенин айтышты. Чынында, мындай жооптуу адекватту деп эсептебейм. Анткени, Москва районунда бириктирилген мекеменин директору болуп оорукананын жетекчиси дайындалыптыр, Кеминде да оорукананын жетекчиси, ал эми Сокулукта - ЦСМдин директору дайындалды. Анын иштегенине беш эле ай болду.

Башкача айтканда, эч кандай так жана объективдүү критерийлер жок.

Ооба, оптимизация жакшы максатты көздөп жатат жана өлкөдөгү экономикалык абалдан улам келип чыгууда. Бирок мезгилинен эрте баштап алышты, анткени ковид маселеси аягына чейин чечиле элек.

Башкы беттеги фото meria.tokmokcity.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/400