Маршруткачылар "жирный линияга" чыгыш үчүн акча төлөшчү
RU

Маршруткачылар "жирный линияга" чыгыш үчүн акча төлөшчү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кирешелүү маршруттук линияга кирүү үчүн бустун айдоочулары фирмага бир топ акча төлөшөт. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев айтып берди.

Белгилей кетчү жагдай. маршруттук линияларды транспорттун бардык түрлөрү үчүн ШТБ иштеп чыгат.

Кийин аныкталгандай, линияны алгандан кийин айрым транспорттук компаниялардын жетекчилери белгилүү бир каражатка, айдоочуларга ошол линияга кирүүгө уруксат беришет экен. Редакциянын жеке булактары берген маалыматка ылайык, суммалар бир нече миң долларга чейин жетет.

ШТБнин жетекчиси мындай көрүнүш дагы кайталана турган болсо, кылмыш иши козголот, деп эскертүү берген.

"Мен бардык ташуучу фирмалардын жетекчилерин чогултуп, дагы бир жолу акча доолаган фактылар аныкталса, күч сруктуралары менен иштешесиңер", - деп эскерткем. Балким функционалдык жактан биз алардын жеке мамилелерине кийлигишүүгө акыбыз жок, бирок мыйзамсыз көрүнүштөрдү алдын алышыбыз керек", - деди Нусувалиев.

Акыркы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте 39 ташуучу фирма иштеп, 101 маршруттук линияны тейлешет.

"Шаардын бюджетине транспорттук компаниялардын бир тыйын да түшпөйт. Ташуучу фирмалар жөн гана бекер линияны алышат, жана колдоно беришет. Мен буга түп тамырынан каршымын. Айдоочулар өздөру патенттерин алышат, жана фирмаларга акча төлөп, аларды багышат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4015