Жумгалдын бала бакчасындагы окуя тургундарды шок кылып жатат
RU

Жумгалдын бала бакчасындагы окуя тургундарды шок кылып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылындагы "Сайнап-Уултай" бала бакчасында эки тарбиячы ашпозчунун жардамчысын ур-токмокко алган. Бул жөнүндө turmush.kg сайты жазган.

Маалым болгондой, окуя 18-октябрда болжол менен саат 09:30-10:00 чамасында болгон.

"Ашпозчу эжеге жардам берип, балдарга тамак, чай берчүмүн. Эртең мененкисин жумушка быламык, чай берер маалда барып калчумун. Тарбиячылар мага телефон чалганынан "чай коюп койгула" десем, "биз билбейбиз" дешкен. "Анда эч нерсесине тийбей эле койгула. Мен өзүм барып коём" деп койгом. Анан мен барсам, чайнекке (тефаль) суу куюп, иштетип коюшуптур. Мен ашканага кирип, балдарга быламык жасап бердим. Чайды карасам, иштебей калыптыр. "Күйүп кеткен го" деп тим болгом. Анан тарбиячылар Гүлсана Ырсалиева менен Жылдыз Рыспаева кирип келип эле "төлөйсүңөр деп жатат" дешти. "Жок төлөбөйсүңөр, мен төлөйм. Барып балдарыңарды карай бергиле" десем ызы-чуу болуп кетишти. Анан мени тамак куюп жаткан жеримден Гүлсана эже келип чаап, бетимди тытып, чачымдан жулуп, баса калып сабады. Берки тарбиячы ажыратуунун ордуна карап турду. Аягында экөөлөп киришти. Анан ары жактан кароолчу эже, ашпозчу эже менен дагы бир тарбиячы келип, арачалап калышты. Балдар деле көрүштү.

Мен азыр үйдөмүн. Көк ала тактар, жарааттар бар. Укук коргоо органдарына арыз жазгам", - дейт ашпозчунун жардамчысы Мирзада Казыбаева.

Тарбиячы Гүлира Чаликованын айтымында, ашпозчунун жардамчысын сабады деген тарбиячылар кесиби боюнча мугалим.

"Ашканада болгон окуя боюнча бала бакчага барганда билип, таң калдым. Мен бүгүн, 21-октябрда Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнө бул иш боюнча маалымат бердим.

Тарбиячылардын бири тарыхчы, экинчиси орус тилчи. Окуя балдарга тамак берүүнүн астында болуп жатат. Азыр жабыр тарткан ашпозчунун жардамчысы жумушка чыга элек. Столго баса калып сабашып, бетин тытып салышыптыр. Денесинде да тактар бар экенин уктум", - деди Чаликова.

Тарбиячы Гүлсана Ырсалиеванын айтымында, жабырлануучудан кечирим сурап, Мирзада Казыбаева арызын кайтарып алган.

"Мындай ур-токмокко алынган эмес. Бир аз түшүнбөстүктөрдөн улам болуп кетти. Ал дагы кокустуктан эле арыз жазып алыптыр. Биз кечирим сурап, артынан барып эле арызын алдырдык. Чоң деле уруш болгон жок. Столго баса калып сабап, бетимди тытты дегенге кошулбайм. Денесинде деле көк ала тактар жок. Рентгенге түшүргөнбүз. Биз жакшы эле мамиледе болчубуз. Чайнекти төлөгүлө дегенден эле чыр чыгып кетти", - деди Г.Ырсалиева.

Ал эми Жылдыз Рыспаева Мирзада Казыбаеваны ур-токмокко албаганын, бери жакта эле карап турганын айтты.

"Мындай эле уруш болгон, азыр тынчыганбыз. Мен токмоктогон жокмун. Бери жакта эле карап тургам. Менин жанымда бала бакчада тарбияланган кыздардын бири бар болчу. Ошол үчүн барган эмесмин. Баса калып, чачтан алып сабаганын көргөн эмесмин", - деди Ж.Рыспаева.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Тинатин Самудинова бул окуя боюнча кабары жок экенин, эми такталарын билдирди.

Жумгал РИИБден бул окуя каттоого алынганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

"Сайнап-Уултай" бала бакчасы 60 орундуу. Анда 18 кызматкер иш алып барат.

Бала бакчада видеокөзөмөл орнотулган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4018