Камчыбек Ташиев: Биз Түркиядан Bayraktar дрондорун сатып алдык
RU

Камчыбек Ташиев: Биз Түркиядан Bayraktar дрондорун сатып алдык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргызстан Түркиядан Bayraktar дрондорун сатып алганын билдирди. Бул тууралуу бир нече түрк массалык маалымат каражаттары УКМКнын жетекчисинин чек ара кызматкерлерине аскер техникасын тапшыруу аземиндеги сөзүнө шилтеме берип, жазып чыгышты.

Бирок УКМКнын басма сөз кызматы же президенттин администрациясы мындай жаңылыкты расмий түрдө бере элек.

Haberler порталы Ташиевдин сөзүн келтирип, буга чейин Кыргызстан аскер техникасын жардам катары гана кабыл алып келген, бирок мындан ары керектүү болгондорду өзү сатып алууга дарамети жетет, деп жазган.

"Бул ирет биз аскер техникасын бюджеттин каражатына сатып алдык. Бүгүнкү күндө мамлекетте ошондой мүмкүнчүлүк пайда болду. Баш аягы 40 бронетранспортерго 300 млн сом сарпталды", - деп Ташиев билдирген.

Дагы бир түрк порталы, бронетранспортерлор БАЭден сатып алынганын кошуп жазган. Андан тышкары, аталган портал Ташиевдин дрондор тууралуу сөзүн кененирээк берген.

"Учурда, Түркия биз үчүн Bayraktar аскер дрондорун чогултууда. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн беш эле өлкөсүнө сатылат. Кыргызстан ошолордун катарына кирет. Дрондорду жакын арада биздин мамлекетке жеткирип беришет", - деди Ташиев.

Андан тышкары, бул дрондорду башкара турган адамдар Түркияда окутуудан өтүп жатканын кошумчалады.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан россиялык "Орлан-10" дрондорун да сатып алган. Алар байкоо жүргүзүүгө ылайыкталган. Сөзүн жыйынтыктап, чет өлкөдөн снайпер винтовкалары келе турганын да айткан.

Кыргызстанга канча аскер дрону жана канча байкоо жүргүзүүчү дрондор алынып келинет, так сандары белгисиз. Ошондой эле буларды сатып алууга бюджеттен канча каражат бөлүнгөнү жөнүндө маалымат жок.

2019-жылдагы маалыматтарга ылайык, Украина Түркиядан аскер дрондорун сатып алганда алардын баасы $69 млн болчу. Анын курамына алты дрон, үч башкаруу танциясы жана кошумча жабыдктар кирет. Эки жылдын ичинде баасы өзгөрүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4020