Текебаев: Жээнбеков анын кишилери аянтта жүрдү деди. Атамбаевдин буга кандай тиешеси бар?
RU

Текебаев: Жээнбеков анын кишилери аянтта жүрдү деди. Атамбаевдин буга кандай тиешеси бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Текебаев Super.TV'га интервью берип жатып 9-октябрда аянтта чогулгандардын жарымынан көбү Сооронбай Жээнбековдун адамдары болгон, деп айтты. Бул тууралуу саясатчыга экс-президент өзү айткан экен.

"Сооронбай Жээнбеков мага өзү айткан: "Өмүрбек, мен сени чакырдым эле, келбей койдуң. Бабановуң Атамбаевге чуркап кетти. Мен эмне кылышым керек эле? Мен сөзүмдү уккан депутаттарды жыйнап, өзүмдүн үкам Асылбек менен анын досу Зулпукаровдун тил катын алып, ошол жерде сессия уюштуруп бердик. Бир эмес үч жолу сессияны мен жыйнап бердим. Тогузунда Атамбаев түшүп келатканда жарымынан көбү менин адамдарым болчу", - деп айткан", - деди Текебаев.

Интервьюга анонсту өзүнүн Facebook баракчасына Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын бири Замир Жоошев жарыялаган.

Эске салсак, 9-октябрда төрт партия Өмүрбек Бабановдун кандидатурасын премьер-министрдин кызматына сунушташкан. Түштөн кийин Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов өзүнүн тарапташтарын Ала-Тоо аянтына алып барышкан. Жарандык активисттер, жаш саясатчылар "Өлкө кылмыштуу топторсуз" тынч маршы менен аянтка келишкен. Эл алдына чыгып көпкө сүйлөй алышкан жок, анткени Садыр Жапаровдун тарапташтары аларга чабуул жасап, митингге чыккандар туш-тарапка качышкан. Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Өзгөчө кырдаал кырдаал режимин киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/402