"Шереметьево" аэропорту кайрадан кыргызстандыктарды чыгарбай жатат
RU

"Шереметьево" аэропорту кайрадан кыргызстандыктарды чыгарбай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'га бүгүн, Кыргызстандан Москвага учкан кыргызстандыктар кайрылышты. Алардын айтымында, кайрадан аэропорт кыргыздарды шаар ичине чыгарбай жатат.

Берилген маалыматка ылайык, Москвага Бишкек, Ош жана Тамчы айылдарынан рейстер барган. Натыйжасында "Шереметьево" аэропорттун кызматкерлери 300 кишини кармап отурушат. "Кичинекей балдары барларды дароо кое беришти, калгандарын текшерип жатышат", - деп көргөндөр айтып беришти.

Москвада такси кызматында иштейм деген окурман редакцияга төмөнкүдөй билдирүү жөнөткөн:

"Салам алейкум урматтуу кактус-медиа, сиздерден сураныч. Мен Москва шаарында такси кызматында иштейм. Биздин Кыргызстандан келген мекендештерди тосуп алам. Кайрылганымдын себеби, Кыргызстандан учак аркылу келген бардык рейстерди аэропорт "Шереметьево" он саатап кармап, текшерип, кыйнап жатат. Паспортторун жыйнап алып же себебин айтпайт. Жаш баласы барларга өтө оор болуп жатат. 22.10.21, бүгүн эртең менен келип түшкөн бойдон аэропортто отурушат. 300дөй киши. Азыр саат 11:30 болду. Сизден сураныч, жардам бериңиз. Акыркы бир айдан бери ушинтип кыйнап жатат".

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Kaktus.media'га билдиргендей бул боюнча кабардар.

"ФСБ персоналдык данныйларын өзгөртүп алган жарандарды аныктоо максатында текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп элчиликтен маалымдашты.

Элчилик РФтин Тышкы иштер министрлигине нота жиберген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4034