Жапаров Байсалов жөнүндө: Кичине эмоцияга алдырып койду
RU

Жапаров Байсалов жөнүндө: Кичине эмоцияга алдырып койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-октябрда Садыр Жапаров жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, Эдил Байсалов жөнүндө берилген суроого жооп берди.

Журналисттердин бири "Эдил Байсалов президенттин саясатын колдогон 40-50 депутат менен гана иштешебиз деп айтты. Бул жеке анын пикириби же министрлер кабинети толугу менен ушундай ойдобу?" - деп суроо салды.

"Мен да көрдүм Эдил Байсаловду. Кичине эмоцияга алдырып койду. Бирок өзүнүн көкүрөгүндөгүн элге туура эмес жеткирип алды. Айтайын дегенин туура эмес жеткирип алды. "Кылыбыз кыйшайбат", "50-60 менен иштейбиз, калганыңарды укпайбыз", деген сөз бул буга чейин он жылдан бери... акыркы он жылдан бери башкаруу системасын билесиңер парламенттик деп коюп, анан келип алып коалиция түзүп, премьер министрден баштап, айыл өкмөткө чейин бөлүп алышкан. Мына ошонун кесепетинен мамлекет сазга батып калган. Ал ошону айтайын деди. Бүт министирликтер. Мына министрликтер азыр дагы отурат. Мурда депутаттарга гана иштечү. Мамлекет үчүн иштечү эмес. Мамлекет үчүн бир кагазга кол койбой, ошо депутат айтканды кылчу, спикер айтканды кылчу. Алардын мындайча айтканда, кулу болчу. Ал ошону айтайын деди. "Биз мындан ары силерди укпайбыз. Эл үчүн иштейбиз. Силерди укпайбыз. Эмне десеңер ошону дегиле, биз эд үчүн гана иштейбиз, бизди кызматтан ала албайсың, кое албайсың", деген ойду жеткире албай койду да. Ал антип парламентти тоготпойбуз, иштешпейбиз деген жок. Ким болбосун, парламентке келген бардыгы менен иштешибиз керек. Анткени азыр 36 депутат райондордон келет эл өкүлү болуп. 54 депутат партия менен келет. Анан ал элдин өкүлдөрү да", - деп Садыр Жапаров жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4038