Бишкектеги кафелердин биринен 85 киши ууланды
RU

Бишкектеги кафелердин биринен 85 киши ууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-октябрдын эртең мененки саат 07:30га карата, Темир жол ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө медициналык жардам сурап кайрылган жарандардын саны 85 кишиге жетти. Аларга уулануу деген диагноз коюлган. Бул тууралуу Саламаттык ты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, буга чейин 12 киши суши жегенден кийин ууланганы белгилүү болгон. Берилген маалыматка ылайык, жабыркагандар "Империя пиццы" тамактануу түйүнүнөн суши заказ кылышкан.

Учурда бир бейтап ооруканага жаткырылып, дарыланууда. Анан абалы туруктуу. Калгандары биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылнууга үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө, жабыркагандар бир эле кафе түйүнүнүн шаардын ар кайсы жеринде (точкаларында) жайгашкан жайларынан тамактаныганы аныкталган.

Иликтөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4045