Ырчы Толгонай Арзыкеева ажырашты
RU

Ырчы Толгонай Арзыкеева ажырашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Толгонай Арзыкеева жолдошу Нурсултан Төлөпберген менен ажырашты. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазган.

"Бул менин акыркы постум...

Азыр мага жеке жашоом тууралуу толтура жагымсыз билдирүүлөр келип жатат, ошондуктан уруксат берсеңер кененирээк айтып берейин.

Жигитим экөөбүз үч жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошууну чечкенбиз. Көрсө шашып коюптурбуз. Үч жыл оңой эмес, бирок биздин мамилебиз аралыкта гана өнүгүп жатты.

Биз эки башка жолго түштүк... Ар ким аркандай ойлоп, түрдүү бодомолдоолорго жетелениши мүмкүн - себеби жөнөкөй (баналдуу) - мүнөзүбүз келишкен жок (бул чындык). Ооба, биз расмий түрдо никебизди каттап, аялы жана күйөөсү статусундабыз. Бирок, бактыма, иш жүзүнө ашкан жок. Кагазга эмне деп жазылат, мен үчүн маанилүу эмес, башкысы менин намысым. Ошондуктан мындай олуттуу кадам жасаардан мурун, миң ирет ойлонуп, "мен аны чындап жакшы билеминби?", "Мен анын жанында өзүмдү жакшы сеземинби?" деген суроону улам-улам өзүңө бериш керек.

P.S. Мындайда эч ким күнөөлүү эмес. Мен ага жана анын үй бүлөсүно ыраазычылыгымды билдирем. Бул менин ажырашуу темасындагы акыркы постум. ММКлардан суранам, бул багыттагы суроолорду бербегиле, жана менин сөзүмдү, ситуацияны бурмалабагыла", - деп Арзыкеева суранган.

Эске салсак, Арзыкеева менен Нурсултан Төлөпберген 3 жылдан бери кыз жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, ушул жылдын август айында расмий түрдө баш кошушкан. Нурсултан Мирбек Атабековдун келинчеги Мээрим Төлөпбергендин бир тууган иниси. Учурда АКШда жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4047