Мыкан айылындагы мектеп 9 айда салынды. Анын ачылышына президент катышты
RU

Мыкан айылындагы мектеп 9 айда салынды. Анын ачылышына президент катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлумү кабарлады.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти катары региондорго болгон биринчи иш сапары Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылынан башталган. Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Мамлекет башчысы бул айылдагы окуу мекемесинин курулушунун биринчи кышын коюуга катышкан.

"Билим берүү - туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы. Бүгүнкү күндө глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере аларын мезгил өзү көрсөтүп жатат. Кыргызстанда билимдүү коомдун болушу - айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик маанилүү маселе. Биздин билим берүү системабыз өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги механизми болушу зарыл", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы региондордо билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Андан тышкары, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына социалдык объектилерди курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мектеп бир нөөмөттө 300 окуучуга эсептелген. Окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4057