Ош-Исфана-Бишкек авиа каттамы калыбына келтирилди
RU

Ош-Исфана-Бишкек авиа каттамы калыбына келтирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-январдан тарта Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма-сөз бөлүмү билдирди.

Авиакаттам ар жуманын дүйшөмбү күндөрү учат, учуу узактыгы 1 саат, 15 мүнөтттү түзөт.

Бишкектен учуп кетүү - 11:00.

Исфанага учуп келүү - 12:15.

Исфанадан учуп кетүү - 13:05,

Бишкекке учуп келүү - 14: 20.

Эске салсак: 2020-жылы Исфанадагы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкциянын алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, учактарды токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштер жүргүзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/405