Япониялык ханбийке жөнөкөй жигитке турмушка чыгып, титулунан баш тартты
RU

Япониялык ханбийке жөнөкөй жигитке турмушка чыгып, титулунан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониялык тактын мураскери, ханзада Акисинонун жалгыз кызы Мако жөнөкөй жигитке, өзүнүн курсташы Кэй Комуро дегенге турмушка чыкты. Бул тууралуу Lenta.ru NHK телеканалына шилтеме берип жазды.

Династиянын 30 жаштагы өкүлүнүн үлпөт тою бүгүн, 26-октябрда, резиденцияда өттү.

Бул учурдан тартып, ал императордун үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп саналбайт. Мындан ары жөнөкөй жарандардай болуп жашайт.

Баш кошоордун алдында ханбийке ата-энеси жана чоң-ата, чоң энеси менен учурашканы барган. Коомчулук анын турмушка чыгуусун негативдүү кабыл алды. Ал үй бүлөдөн кеткенден кийин, монархтардын династиясынын кыскаруу көйгөйү ого бетер курчуду.

Мако менен Кэй 2012-жылдан бери тааныш. Сындагандар Кэй Кокуро Макого тең эмес деп айтышчу. Жаңыдан үйлөнгөн жубайлар алгач Токиодо жашап турушат, кийин АКШга көчүп кетүүнү пландаштырууда. Анткени күйөө баланын ал жерде туруктуу жумушу бар. Ханбийке да өзүнө иш караштырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4066