Бажы кызматынын жаңы жетекчиси боюнча маалымат. Factcheck.kg'ден сереп
RU

Бажы кызматынын жаңы жетекчиси боюнча маалымат. Factcheck.kg'ден сереп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын жаңы жетекчиси болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кечээ, 26-октябрда аны жамаатка тааныштырышты. Factcheck.kg редакциясы бажы кызматынын жаңы төрагасынын бизнеси тууралуу маалымат чогултту.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, анын атына алты компания катталган, анын ичинен бешөөсү иштеп жатат. Бардык фирмалар 2018-жылдан кийин пайда болгон.

"Индустриал Парк "Силк Вэй" ЖЧКсы - соода0өндүрүштүк жана текстиль комплекси. Объектинин аянты 70 гектарга чукул. Ал Казакстан менен чек арадан алыс эмес, жана "Манас" аэропортунан 30 км аралыкта жайгашкан. Silk Way логистикалык борбордун ишин баштоодон мурун, азыркы тапта бажы кызматынын экс-төрагасы болуп калган Самат Исабеков курулуштун жүрүшү менен таанышып чыккан болчу.

Андан тышкары, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы, ушул жер тилкесинде жер мыйзамынын нормалары бузулгандыгын аныктаган. Маселен, "жердин эгин айдоого жарактуу катмарына трансформациялоо жүргүзүлбөстөн алынган".

Белгилей кетсек, ачык бюджеттеги данныйларга ылайык, 2019-жылдан бери компания 4,2 миллион сом суммасындагы салык төлөгөн.

"Индустриал Парк "Силк Вэй" өз кезегинде дагы эки мекеменин негиздөөчүсү болуп саналат:

  • "Текстиль өндүрүшүнүн ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси;
  • "СилкВэй корпорациясы" ЖЧКсы - 2021-жылдын 15-июнунда негизделген, директору Лю Ин.

"Силк Вэй" курулуш компаниясы" ЖЧКсы турак жай жана турак жай деп эсептелбеген имараттарды салат. Компания 2018-жылы катталган. Негиздөөчүлөрдүн катарында, бажы кызматынын жаңы төрагасынан тышкары, кайрадан Лю Ин жана Лю Кан. Салыктык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 1,2 млн сомдон ашык каражатты түзөт.

"Кыргыз Энерго Сбыт" ЖЧКсы компаниясы электрэнергиясын бөлүштүрүү менен алектенет. Негиздөөчүлөрдүн бири Курманбек Бакиев. Ал бир мандаттуу система менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына Базар-Коргон шайлоо округунан аттанган. Негиздөөчүлөрдүн бири кайрадан жогоруда аты аталган Лю Ин.

"Кыргызнефть" ЖЧКсы жана "Силк Вэй Терминал" ЖЧКсы да Кубанычбековго таандык. Алар Алма-Ата көчөсү 1 деген бир эле дарек боюнча катталган.

Өз кезегинде, "Силк Вэй Терминал" фирмасы дагы үч ЖЧКнын негиздөөчүсү:

  • "Место таможенного оформления "Юг" биргелешкен мекемеси" - 2021-жылдын 13-августунда катталган. Директору Максуталиев Жеңишбек Жусупбекович, 2017-жылы мурунку парламенттин депутаты Нургазы Нишановдун ("Республика - Ата-Журт") жардамчысы, жана Сузак районунун мурунку акими;
  • "Место таможенного оформления "Север" биргелешкен мекемеси" - 2021-жылдын 13-августунда катталган. Директору Сагынов Аман Сагалыевич, ал мындан тышкары "Балыкчи логистикалык системанын" жетекчиси;
  • "Таможенная инфраструктура" биргелешкен мекемеси" - 2021-жылдын 13-августунда катталган. Директору кайрадан Максуталиев Жеңишбек Жусупбекович.

Эске салсак, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат" Мыйзамынын 22 беренесине ылайык, өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4072