Кафе-ресторандарда электр жабдыктарына пломба салына баштады. Энергетикалык кризис
RU

Кафе-ресторандарда электр жабдыктарына пломба салына баштады. Энергетикалык кризис

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээтен бери "Түндүк электр" ААКтын "кураторлору" Бишкектеги кафе-ресторандарды кыдырып, электр энергиясы менен иштеген жабдууларга пломба сала башташты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына мекеменин ээлери өздөрү билдирди.

Алар бир күн мурун инспектор келип, "Түндүк электр" ишканасынын жетекчилигинин үстүбүздөгү жылдын 1-октябрындагы Улуттук энергохолдингдин талабы боюнча рейд жүргүзүү керектиги жазылган буйругун көрсөткөнүн айтышкан. Анын себеби энергетикалык каатчылык болууда.

Сырткы жарыкты өчүрүү боюнча рейддер токтотулганына карабастан, инспекторлор мекеменин ичиндеги бардык электр шаймандарын өчүрүүгө аргасыз болууда.

Мекеменин ээлери электр плиталарын, кондиционерлерди, жада калса суу жылыткычтарды өчүрүп, баарын жаап коюшкан.

"Санэпидстанциядан текшерүүгө келип калат деп күтүп жатабыз (Ууланган окуядан кийин - Kaktus.mediaнын болжолу менен). Эртең алар да бизге келишет, биз идиштерди муздак суу менен жууп жатканыбызды көрүп, автоматтык түрдө санитардык нормаларды бузган болуп, айып пул төлөйбүз. "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлерине муну түшүндүрсөк, алар Санэпидкөзөмөлгө пломбаларды көрсөткүлө деп жатышат", - дешти рестораторлор.

Мекеме ээлеринин айтымында, аларга газга өтүү сунушталган, бирок баары жабылгандан кийин гана.

"Макул, бирок, анда газ жабдууларын орнотууга убакыт бериш керек болчу. Жок дегенде бир ай мурун эскертиш керек эле. Бирок, бизге убакыт берилбейт, деп айтып жатышат. Башкача айтканда, эртең суук түшсө, жабууга туура келет", - деп жыйынтыктады алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4081