Кыргыз сериалдары. Сизге кайсынысы жагат?
RU

Кыргыз сериалдары. Сизге кайсынысы жагат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Министрдин кызынын махабаты" сыяктуу кыргыз сериалдардын жок дегенде бирөөсүн көрсөңүз керек.

Жок, бул жолу алар тууралу эмес, акыркы жылдардагы белгилүү болуп жаткан сериалдар тууралуу сөз кылабыз.

Сизге кайсынысы жакканын же бул жерден көрбөгөн сериалды белгилей кетсеңиз болот.

Кошунаны тандабайт

Бул сериал учурда Кыргызстанда эң популярдуу деп айтууга болот. Жаш, орточо деңгээлде жашаган жана бираз бардар жашаган үй-бүлөлөрдүн ортосундагы айырмачылыктарды баяндайт. Кошуналардын ортосундагы ары тамашалуу, ары олутту жана көйгөйлүү маселелелерди чагылдырып берет. Тасманын бардык сезону тартылып бүткөн.

Эфир

Эфир сериалы бир топ кыргызстандыктардын сүйүктүү тасмасына айланган. Анда коррупциялык терс көрүнүштөрдү, тааныш-билиш аркылуу жумушка орношуу жана үч бурчтук сүйүү тууралуу чагылдырылган. Сериал журналистикадагы интрига, бут тосуулар тууралуу көрсөтүп берүүгө аракет кылган. Жалпысынан, баш каарман кыз кимди тандайт деген суроонун алкагында тартылган.

Шерине

Бул сериада коомчулуктагы ар кандай стреотиптердин кагылышын чагылдырылат. Үч достун үй-бүлөлүк шартын тамаша аркылуу көрсөтүп берүү менен теңсиздик сыяктуу ар кандай маселелерди баяндап берет. Тасманын эки гана сериясы чыкканы менен көп элдин көңүлүн бура алган.

Адилет

Анжелика катышкан бул сериалды көрбөсөңүз дагы ызы-чуу болуп жатканын уккан болушуңуз керек. Аны ИИМ жактырбай телеге чыгарбай коюшкан деген маалыматтар айтылган. "Адилет" милициялар жөнүндө жана былтыркы 5-6-октябрь окуяларын баяндаган сериал.

Жалбыз

Ата-энесинен ажырап калган, билимдүү, сулуу Жалбыз деген кыз тууралуу. Ал таанымал депутаттын уулуна турмушка чыгардан бир күн мурун love story тартып келет. Андан соң кечинде бир телефон чалуудан кийин чыгып кеткен боюнча келбейт. Кайда, эмне үчүн, тирүүбү жана башка суроолор жаралат. Тергөөнүн жүрүшундө ойго келбеген окуялар ачыла берет. Бул тасманын калган сериялары чыга элек. Ошентсе да кийинки бөлүмүн күтүп жаткандар көп.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4084