Уулангандардын саны 290 кишиге жетти
RU

Уулангандардын саны 290 кишиге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-октябрга карата "Империя пиццы" кафесинен уулангандардын саны 290 адамга жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, бул кечээ кечинде болгон көрсөткүчтөр. "Түн ичинде дагы чалуулар болду, азыр ооруканалардан түшкөн маалыматтарды анализдеп жатабыз", - деди ал.

27-октябрга карата "Империя пиццы" кафесинин тамак-ашына уулангандардын саны 253 адамга жеткен.

Баарынын абалы туруктуу. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү айтылган.

26-октябрга карата 179 адам ууланганы белгилүү болгон. Уулангандардын 18и балдар. 50 жабырлануучуга стационардык жардам көрсөтүлүүдө. Темир жол ооруканасында-13 адам, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында-12 адам, Улуттук госпиталда-24 адам, Ысык-Атадагы жалпы дарыгерлик практика борборунда-1 адам жатканы айтылган.

25-октябрь күнү саат 14:30га карата Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тамак-аштан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 118ди түзгөн:

  • Темир жол ооруканасына - 98 адам;
  • Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына - 13;
  • Чүй облустук бириккен ооруканасына - 2;
  • Жайыл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна - 5 адам кайрылган.

Алардын ичинен стационардык дарылануу: темир жол ооруканасында - 10 адам, шаардык балдар ооруканасында - 13 бала. Жабырлануучулардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин суши жеген 12 адам ууланганы белгилүү болгон. Маалыматтарга ылайык, жабырлануучулар "Империя пиццыдан" буюртма беришкен.

Учурда мекеменин бардык филиалдары жабылды.

Республика боюнча коомдук тамактануу мекемелери текшерүүдөн өтүп жатат – массалык уулануудан улам мораторий алынып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4091