Саматбек Ибраев депутат менен финтех мыйзамы боюнча айтыша кетти
RU

Саматбек Ибраев депутат менен финтех мыйзамы боюнча айтыша кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеш каржы технологиялары боюнча мыйзам долбоору карап, четке какты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бул мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштаган.

Бирок депутаттардын чечими чыга электе демилге талкууга алынган. Демилгечи Саматбек Ибраев өзү жетектеген мыйзам долбоорунун артыкчылыктарына токтолду.

Бирок, кесиптештери ага макул болушкан жок. Тактап айтканда, депутат Аманкул Токтомамбетов жакында депутаттар финтех түшкө крирээрин айтып, жада калса президенттин басма сөз катчысы да бул мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирди.

"Президенттин пресс катчысы да президентти бетке кармабагыла деп айткан. Ошол сыяктуу эле биздин коллегалар дагы байкабай көбү кол койгонуна өкүнүп жатышат", - деген депутат кесиптештеринен комитеттин чечимин колдоп, четке кагып койюусун өтүндү.

Андан соң дагы эки депутат сөз сүйлөп, мыйзам долбооруна өздөрүнүн колдорун чакыртып алганын айтышты.

Ибраев фискалдык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаровдон анын мыйзам долбоору кандай себептер менен четке кагылганын сурады.

Айдаров бул мыйзам долбооруна өкмөт менен Улуттук банк терс корутунду берип, комитет добуш берүү аркылуу четке кагуу чечимин кабыл алганын айтты.

Ал Ибраевге Акылбек Жапаров ошол кезде экономика жана каржы министри болуп турганда, комитеттин жыйынына келип, Каржы министрлиги менен өкмөттүн позициясын билдиргенин эсине салды.

"Сиз залда өкмөттүн позициясын уктуңуз. Өкмөттүн жыйынтыгы терс болгондон кийин сиз муну колдогон убагыңызда дагы возражение келмек. Калганын өзүңүз түшүндүңүз эми", - деди ал.

Ибраев анын жообуна толук канаттанбаганын, бирок, аны күнөөлөбөгөнүн, себеби банк кызматкери эмес экенин айтты.

Айдаров анын сөзүн бөлүп: "Сиз дагы банк кызматкери эмессиз. Мен го экономистмин сиз строительсиз. Ошон үчүн билимибизге асылбай эле коелу?" - деди Айдаров.

Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бул мыйзам долбооруна каршы экенин айтып, демилгечи өзү аны күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Соңунда Ибраев мыйзам долбоорун кайра чакыртып жатканын айтып, бирок, регламент боюнча комитеттин чечими бар жана бүгүн ал каралып бүткөндүктөн, мындай кыла албастыгын белгиледи. Вице-спикер Аида Касымалиева аны колдоп, мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча комитеттин сунушу добуш берүүгө жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4093