Казакстанда улуттар арасындагы жаңжал чыкты (Видео)
RU

Казакстанда улуттар арасындагы жаңжал чыкты (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Алматы облусунун Пиджим айылында улуттар аралык жаңжал чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-октябрда Панфилов районунун борбордук ооруканасына Пиджим айылындагы мектептин аймагынан 16 жаштагы өспүрүм денесинен жаракат алып келип түшкөн.

Текшерүү учурунда алгач 9-10-класстын эки окуучусунун ортосунда оозеки сүйлөшүү жүрүп, кийин ал эки класстын массалык мушташы менен аяктаганы аныкталган. Ал жерде казак жана уйгур улутундагы мектеп окуучулары мушташкан.

Аталган факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренесинин 2-бөлүгү ("ден соолукка атайылап оор залал келтирүү") менен сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Жаңжалдын бардык тараптары аныкталды. Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Райондун акими, аксакалдар жана Алматы облусунун башчысы жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда абал туруктуу, көзөмөлгө алынды", - деп жазылат маалыматта.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, билим берүү мекемесиндеги жаңжалдан кийин айылда тополоң башталган. Район башчысы, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, аксакалдар кийлигишкенден кийин гана чыр басылган.

Социалдык тармактарда жаш жигиттердин жана оспүрүмдүрдүн топтошкон видеолору таркап жатат. Видеонун авторлору казак жана уйгур улутунун жаштары беттешкенин айтышууда.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4095