Дайынсыз жоголгон кыз көл жээкте асынган абалда табылды
RU

Дайынсыз жоголгон кыз көл жээкте асынган абалда табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл районунун Тоң айылында 19 жаштагы кыз көл жээгинде асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

РИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-октябрда саат 07:00дө милицияга Тоң айылынын тургуну кыздын асынып калган жансыз денесин көл жээгинде чатырдын астынан таап алганын билдирген.

Каза болгон кыз дайынсыз жоголду деп изделип жаткан 19 жаштагы С.А. атту жаран болгон. Экспертизада зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.

26-октябрда Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган Т.К. арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Ал С.А.нын дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кыздын сөөгү Тоң райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4098