Кыргызстанда дагы 62 адвокат бар. 85 талапкер экзаменден өтпөй калды
RU

Кыргызстанда дагы 62 адвокат бар. 85 талапкер экзаменден өтпөй калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда, 2020-жылы 62 жаран адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алышты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, өткөн 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы тарабынан жалпысынан 8 жыйын өткөрүлгөн, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 347 талапкердин арызы каралган, анын ичинен:

  • - 242 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алган;
  • -105 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүүдөн баш тартылган;
  • - 62 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышган;
  • - 85 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес.

2020-жылдын 31-декабрына карата, Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4434 лицензия катталган жана берилген, анын ичинен иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар 3509.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/409