Россиялык блогердин кыргыз калпагын тепкен видео социалдык тармактарга тарады
RU

Россиялык блогердин кыргыз калпагын тепкен видео социалдык тармактарга тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда россиялык блогер жана футболчу Даниил Крапивниковдун кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты тепкен видеосу тарады.

Видеодо блогер эшиктен кирип келип, манекендеги калпакты тепкен. Бул видео учурда кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулары Крапивниковдон калпакты колуна алып кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда.

Өз кезегинде Даниил Крапивников социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады. Анда ал калпак Кыргыз өлкөсүнүн улуттук баш кийими экендигин билбегендигин айтты.

"Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Жийиркеничтүү ишим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сиздердин улуттук баш кийимиңиз экенин билбегендиктен ушундай кылдым. Мен билем, бул мени актабайт. Бирок мен бардык кыргыз элин абдан сыйлайм. Бул эч качан кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир жолу сиздерден чын жүрөктөн кечирим сурайм", - деп кайрылуу жасады Крапивников.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4101