Кыргыз тилинин абалына ким күнөөлүү? Мамлекеттик катчынын жообу
RU

Кыргыз тилинин абалына ким күнөөлүү? Мамлекеттик катчынын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик катчы бүгүн, 29-октябрда "Кыргыз туусу" гезитине берген маегинде республикадагы кыргыз тилинин абалына токтолду.

Журналист андан Бишкектеги 96 мектептин алтоосу гана кыргыз тилдүү болушуна ким күнөөлүү экенин сураган.

"Албетте, кыргыздар толугу менен күнөөлүү экенин моюнга алышыбыз керек", - деп жооп берди Касмамбетов.

Буга биринчи кезекте улуттук идеологияны кыйкыра айтып жаткан интеллигенция, чиновниктер күнөөлүү. Балдарын орус тилдүү мектептерде же чет өлкөлөрдө окутушуп, үйдө орусча сүйлөшөт.

Катчынын айтымында айылдарда, тескерисинче, орус жана англис тилдери окутулбайт.

"Анан элибизди кантип экиге бөлбөйбүз: кыргыз жана киргиз деп? Кытайда жана башка өнүккөн өлкөлөрдө бала бакчаларда, башталгыч мектептерде бардык предметтер өз эне тилинде гана окутулат. Эгер коомчулук колдосо биз дагы ушундай системага акырындык менен өтүшүбүз керек",-деди Касмамбетов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4107