ИИМ шайлоо учурунда социалдык тармактарга күндө мониторинг жүргүзөт
RU

ИИМ шайлоо учурунда социалдык тармактарга күндө мониторинг жүргүзөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо үчүн Ички иштер министрлигинин тиешелүү буйругу чыккан. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун шаймандары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоодо тиешелүү чараларды көрүү боюнча уюштуруу иштери каралган. Жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ИИМдин ыкчам штабы түзүлүп тиешелүү кызматкерлер тартылат.

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарына жалган маалымат таратып, коомдук тартипти бузгандарга карата чаралар көрүлөт.

Ички иштер министрлиги эскертет! Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4108