Мамлекеттик катчы спортчу кыздардын формасын шылдыңдаган динчилдерге нааразы
RU

Мамлекеттик катчы спортчу кыздардын формасын шылдыңдаган динчилдерге нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Улуттук идеологияны псевдоидеологиялар сүрүп чыгарып жатат", - деген оюн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кыргыз Туусу" гезитине берген интервьюсунда айткан.

Журналист "Глобалдашуу заманында улуттук каада-салттарыбызга, тыштан да, ичибезден да чабуул коюлууда. Бул жаатта эмне ойлорду айтар элеңиз?" - деген суроо берген.

"Улуттук идеологияны көп учурда диний фундаментализм, феминизм, гомосексуализм сыяктуу псевдоидеологиялар сүрүп чыгарып жатат. Мисалы, хиджаб кийген кыздарды, саксайган сакал-мурут коюп, арабдарча дамбал кийген жигиттерди коомубуз караманча жактырбайт. Ушул көрүнүштөр кыргыздын эң сонун салттуу кийимдерин, жүрүш-түрүш эрежелерин шылдыңдагандай сезилет.

Ошого карабастан айрым дин кызматкерлери хиджабты жактап, биз сыймыктанган спортчу кыздарыбыздын спорттук формаларын одоно кордогонун жакында эле көрбөдүкпү.

Биздин улуттук маданиятыбызга, турмуш - тиричилигибизге, каада-салтыбызга Европанын тийгизген таасири чоң. Албетте, прогрессивдүү, жакшы маанидеги жактарын айтып жатам. Муну чансак, анда биз наадандыктын, караңгылыктын сазына батып калабыз. Эгерде биздин турмуштан европалык элементтер кетсе, анык Афганистанга айланып калышыбыз ажеп эмес", - дейт Касмамбетов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4110