Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 31-октябрда өтөт
RU

Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 31-октябрда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-октябрда Бишкектеги опера-балет театрында өтөт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

III даражадагы "Манас" жана "Данакер" ордендеринин ээси Мар Байжиев 29-октябрда 86 жаш курагында көз жумду.

Анын классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлган. Сценарийлери боюнча бир катар фильмдер тартылган. Чыгармалары орус жана кыргыз тилдеринде жаралып, ал мурдагы совет адабиятындагы саналуу кош тилдүү калемгерлердин бири болгон. Эмгектери чет тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. 2019-жылы ага КМШ өлкөлөрүнүн "Шериктештик жылдызы" сыйлыгы берилген.

Президенттин сайтына чыккан көңүл айтуу текстинде Байжиевдин дүйнөдөн кайтышы менен кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди.

Kaktus.kg сайтынын жамааты Мар Байжиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4120