Москвада кош бойлуу кыргызстандык аял акчасы жана документтери жок көчөдө калган
RU

Москвада кош бойлуу кыргызстандык аял акчасы жана документтери жок көчөдө калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кош бойлуу кыргызстандык аял документи жана акчасы жок көчөдө калды. Аны менен болгон видеону өзүнүн TikTok каналына "Люди" бейөкмөт уюмунун волонтеру Вероника Никонова жарыялаган.

Ыктыярчы селсаяктарга ысык тамак таратып жатып, көңүлү кара күрмөчөн ​​аялга бурулган. Кош бойлуу аял күйөөсү үйдөн кууп чыкканын айткан. Чоо-жайы ачыкталган жок.

Ал ошондой эле теги Кыргызстандык экенин, бирок, документтеринин жана акчасынын жоктугунан мекенине келе албай жатканын айтты. Кыргызстандык жаран элчиликке кайрылган, алар анын документтерин калыбына келтирүү үчүн 10 миң рубль талап кылышкан. Бирок, анын акчасы жок.

Сөзүнүн аягында аял учурда станциянын жанында түнөп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, видео 30-октябрда кечинде жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4127