Талапкер шайлоочуларга чай берип, мыйзамды бузуп жатабы? Талапкердин жообу
RU

Талапкер шайлоочуларга чай берип, мыйзамды бузуп жатабы? Талапкердин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№34 Жети-Өгүз шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Мурат Исмаилов шайлоочуларга чай ичирип, добуш сатып алуу менен алектенүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына шайлоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, талапкер шайлоочулар менен мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турат.

Мындан тышкары, Тосор айылынын тургундары башка бир мандаттуу талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзбөшү үчүн талапкер жана анын делегаттары тарабынан жергиликтүү тургундарга кысым жасалып жатканын белгилешүүдө.

Мурат Исмаилов, Жети-Огуз бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер. Тосор айылда туулуп-өскөн.

Талапкер айыптоолорду четке кагып, бул анын жөн гана айылдаштары менен бир нече мүнөткө эл менен учурашканы келген сүрөтү экенин айтты.

"Муну ошол жерде отургандардын баары, биринчи кезекте үйдүн ээси да ырастай алат. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуулар жок. Бул логика жана гумандуулук жагынан абдан түшүнүктүү жагдай. Атаандаштарыбызды калыс күрөшкө үндөгүбүз келет. Биз мыйзамдын талаптарын так сактоо менен абдан ачык үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз. Кээ бир оппоненттер ачык иштегендин ордуна ушундай арзан провокацияларды уюштуруу менен алек болуп жатканы өкүнүчтүү", - деп билдирди талапкердин штабы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4129