Талибдер үлпөт тойдо музыка жаңырды деп конокторго ок чыгарышкан
RU

Талибдер үлпөт тойдо музыка жаңырды деп конокторго ок чыгарышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын чыгышында өздөрүн талибдер деп тааныштырган куралчан топ үйлөнүү үлпөтүнүн конокторуна ок чыгарып, кеминде эки кишини өлтүрүп, он адамды жарадар кылды. Окуяга тойдо жаңырган музыка себеп болгону айтылды.

Күбөлөрдүн бири "Би-Би-Си" кызматына Нангархар провинциясында төрт түгөй биргелешкен үйлөнүү үлпөт той уюштурганын билдирди.

Маалыматка караганда, той ээлери жергиликтүү талибдердин лидерлеринен майрам учурунда музыка колдонууга уруксат сурашкан. Музыка аялдар отурган жакта гана жаңырышы керек деген талап коюлган.

Кечке жуук куралчан адамдар тойго кирип, музыкалык жабдыктарды сындырууга аракет кылышкан. Тойдун катышуучулары аларга каршылык көргөзгөндө ок чыгарышкан.

"Талибандын" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкүлү окуядан кийин кол салган үч адамдын экөө камакка алынганын маалымдады.

Талибдер өкмөтүнүн расмий катчысы Забиулла Мужахид "Твиттердеги" баракчасына кол салгандар кыймылдын атынан барганын, бирок чатак алардын жеке иштерине байланыштуу чыкканын жазды.

Афганистанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарган мурдагы "Талибан" режими музыкага расмий түрдө тыюу салган. Августта Кабулдагы бийликти басып алган уюмдун азыркы жетекчилиги бул багытта буйрук жарыялай элек.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4135