"Империя пиццы" кафесиндеги массалык ууланууга эмне себепкер болгону аныкталды
RU

"Империя пиццы" кафесиндеги массалык ууланууга эмне себепкер болгону аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анализде көрсөтүлгөндөй, "Империя пицы" кафесиндеги массалык ууланууга колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен лосось деген балыктын эти себеп болгон. Так ошол азык сальмонелла бактериясын жугузган. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына мамлекеттик эпидкөзөмөлдүн жетекчиси Кубан Кундашев тастыктады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча балыктын эти себеп болгон. Биз кайталап бакпосев жасадык. Ал массалык уулануунун себеби балыктын этинен экенин көрсөттү. Токктун текшергенибизде, продукт жакшы экенин белгилүу болгон. Кафеге балыкты жеткирип берүүчүлөр алып келишкен. Кафеге карата чараны биз көрбөйбүз. Бул ишти иликтеп жаткан милициянын компетенциясына кирет. Кафенин ашканасына чийки балыктын эти келген - лосось. Ал эми аны ким жана кандай шартта алып келгенин укук коргоочу органдар аныктайт. Биз өз ишибизди аткардык" , деп Кундашев белгиледи.

Андан тышкары "Империя пиццы" кафесинде япон ашканасынын иши убактылуу токтотулганын кошумчалады.

Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинде массалык уулануу катталган. Бир нече күндүн ичинде жабыркагандардын саны 318 кишиге жеткен.

29-октябрда ИИББ массалык уулануу боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4138