"Биздин батирлерди сатканы жатат!" Курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү митингге чыкты
RU

"Биздин батирлерди сатканы жатат!" Курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү митингге чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-ноябрда, "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү УКМКнын имаратынын жанында митинг өткөрүп жатышат.

Митингчилердин айтымында, алардын батирлери экинчи ирет аукционго коюлуп жатат. Эгер батирлер сатылып кетсе, үйсүз калышат. Аукционго коюлганын подъездге илинген жарнамадан окуп билишкен.

"Курулуш компания үйдү күрөөгө коюп, "Керемет банктан" насыя алган. Азыр карызын төлөй албай жаткандыктан, банк батирлерди аукционго коюп жатат", - дейт үлүшчүлөрдүн бири.

Алар батирлерин аукцион аркылуу сатса, үйсүз калышарын белгилешет.

Учурда митингчилер бул жагдай боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4160