Кыргызстанга $7 млрд керек. Садыр Жапаровдун Глазгодо сүйлөгөн эң маанилүү сөздөрү
RU

Кыргызстанга $7 млрд керек. Садыр Жапаровдун Глазгодо сүйлөгөн эң маанилүү сөздөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын (COP26) Тараптарынын 26-конференциясында Дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Kaktus.media сайтынын редакциясы Садыр Жапаровдун сөзүнөн эң маанилүүсүн чогултту.

1. Кыргызстандын бир нече жылдан берки көйгөйлөрү

Президенттин айтымында, кыргыз эли акыркы бир нече жылдан бери климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин сезе баштады. Буга чейин Кыргызстандын климаты боюнча баары жакшы болчу, эч кандай көйгөй болгон эмес.

2. Кыргызстанга 7 миллиард доллар керек

2030-жылга карата Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууну пландап жатат. Бирок чындыгында дүйнөлүк контекстте республика боюнча көмүртектин эмиссиясы анчалык деле жок. Ошого карабастан Кыргызстанга парник газдарын азайтуу үчүн 7 миллиард доллар керек болот. Республика эл аралык банктардан, климаттык фонддордон жана корпорациялардан жардам күтүүдө.

3. 2050-жылга пландар

2050-жылга чейин республика чакан жана орто ГЭСтерди куруп, өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын толук электрлештирүү аркылуу көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат.

4. Андан сыркары дагы 3 миллиард доллар

Айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, токой чарбасы жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча адаптациялоо долбоорлору кошумча 3 миллиард долларды талап кылат.

5. Дагы акча жөнүндө

Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы жардамга муктаж экенин дагы бир жолу эске салды. Кыргызстандын президенти Глазгодогу жолугушуунун жыйынтыгында муктаждыгы бар, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөргө өзүнчө максаттуу каражат бөлүүнү сунуштады. Ошондой эле Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө көнүү боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун алдында атайын фонд түзүлсө жакшы болорун айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4163