Казакстан Нур-Султан-Бишкек каттамын калыбына келтирди
RU

Казакстан Нур-Султан-Бишкек каттамын калыбына келтирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нур-Султан-Бишкек каттамы калыбына келтирилди. Жакынкы аралыкта Казакстан менен Кыргызстандын борборлорунун ортосунда аба байланышын түзүү пландаштырылууда, деп билдирет РК МИИРдин жарандык авиация комитети.

Казакстан Республикасында коронавирус инфекциясынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Нур-Султан-Бишкек багыты боюнча Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси көтөрүлдү.

Нур-Султан – Бишкек каттамын E190-E2/A-320 учактары менен Казакстандын "Эйр Астана" авиакомпаниясы аткарат. Ошондой эле каттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен жана авиакомпаниянын сайттарында жарыяланган графикке ылайык аткарылары белгиленген.

Азыр Алматы-Бишкек жана Алматы-Ош аба каттамдары иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4171