Ырчы Дайыр Исмадияров баласын астына отургузуп машине айдаган (видео)
RU

Ырчы Дайыр Исмадияров баласын астына отургузуп машине айдаган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ырчы Дайыр Исмадияров кичинекей уулун тизесине отургузуп алып автоунаа айдаган видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Дастаным эрте эле руль талашат окшойт бул кетиште", - деп посттун алдына жазган.

Бул видео интернетке да тарап, ал Өзгөндө тартылганы көрсөтүлгөн. Интернет колдонуучулардын айрымдары Исмадияров жол эрежесин бузуп жатканын жазышкан.

ЖКККББнын маалымат кызматы ырчы жол эрежесин бузганын айтып, анын уулун алдына алып унаа айдаган видеосуна карата мыйзам чегинде чара көрүлө турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Исмадияровдун Instagram баракчасына 1 миллион колдонуучу катталган.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4174