"Биз жол кирени кымбаттатууга даярбыз". Балбак Түлөбаев айдоочуларга кайрылды
RU

"Биз жол кирени кымбаттатууга даярбыз". Балбак Түлөбаев айдоочуларга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев бүгүн, 18-январда ишке чакпай койгой маршруткалардын айдоочуларына кайрылуу жасады.

Анын айтымында, борбор шаардын мэриясы алардын бүгүнкү күндөгү абалын жакшы түшүнүп турат.

"Биз 7 жылдан бери жол тарифти көтөрө элекпиз, бул талкууланууда. Бирок бизге келген маалымат боюнча маршруткалардын көбү линига чыгышпаптыр. Биз силерди жакшы түшүнүп турабыз, бирок силер да маршрутка менен жүргөндөрдү түшүнүп койгула. Өлкөнүн абалы оор: пандемия, кризистер, митингдер. Дароо эле көтөрүп бергиле дегениңер да туура эмес. Анын өзүнүн процедурасы бар. Биз экономика министрлигине жөнөтүп, анан ал жерден ал өзүнүн анализин чыгарып берет, анан шаардык кеңешке киргизебиз. Тарифти элдин акылабына жараша, силер менен сүйлөшүп көтөрүп бергенге даярбыз. Бирок ага 1-1,5 ай убакыт кетет. Биз бул ишти май айына чейин чечкенге аракет кылабыз", - деди мэр.

"Сиздерден линияга чыгышыңарды суранам. Эгер чыкпасаңар башка маршрутту киргизгенге мажбур болом. Себеби, мен элди ташышым керек. Эгер линига чыкпасаңар, айла жок, ал линияны жокко чыгарып, аны башкага берүүгө аргасыз болобуз. Силерге зыян болбосун. Силер да бала-бакыраны багайын деп жүргөн адамдарсынар. Рахмат. ", - деп Балбак Түлөбаев сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Бишкектин шаардык кеңешинде 12-январда, маршрут айдоочулардын коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатуу боюнча жыйналыш өткөн. Акыркы жолу тариф 2012-жылы 8 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн болчу.

Жыйналыштын жүрүшүндө шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана вице-мэр Азиз Алымкулов жол кирени көтөрө албай тургандыгын билдиришкен. Алар маселени Экономика министрлиги менен биргеликте карап чыгууну сунушташты. Айдоочулар бул сунушка макул болушту, бирок чиновниктер менен бирге маселени талкуулай турган жумушчу топту түзүүну чечишти. Бүгүн, 18-январда айдоочулардын жарымы линига чыгышкан жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/417