Энергохолдинг: Веердик өчүрүүлөр болбойт, кээде эле, анда-санда
RU

Энергохолдинг: Веердик өчүрүүлөр болбойт, кээде эле, анда-санда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-ноябрда пресс-конференция учурунда Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев дагы бир ирет өлкө элеткр энергиясын өтө көп коротуп жаткандыгын эскертти. Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу 2,3 млн киловат-саатка көбүрөөк сарпталууда.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин тарабынан киргизилген лимиттерди жогорулатпоо тапшырмасы берилген, азырынча эч кандай эффект жок.

"Үнөмдөөгө аракет кылып жатышат, бирок Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча өтө көп сарпталууда. Мен дагы бир ирет электр энергиясын үнөмдөөгө чакырам, жылытуу үчүн колдонбогула деп суранам", - деди ал.

Байгазиев өзүнүн кафе жана көчолөрдөгү жарыкты өчүрүү киргизилет деген чуулгандуу сунушун эске салды. Тилекке каршы, негативдүү эффект болгон.

Сураныч - бизди түшүнүп, экономдоп баштагыла.

Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү, жылытуу мезгилин веердик өчүрүүлөрсүз өткөрсө болот.

1-ноябрдан тартып эритип, ширетүүчү цехтер өчүрүлдү. Бир да бөлуштүрүүчү компания веердик өчүрүүлөрду жасабайт, ири оңдоп түзөө иштери жасалды. Майда өчүрүүлөр болушу мүмкүн, бирок алар керектөөчүлөргө кесепетин тийгизбейт. Кыш айларынан электр жарыгын өчүрбөй чыгып кетебиз.

Байгазиевдин айтымында, дагы деле Борбордук Азиянын бардын өлкөлөрүнөн электр энергиясын импорттоо уланууда. "Казакстанда да учурда тартыштык бар, кышкысын бизге жеткирүү кечеңдеши мүмкүн", - деп энергохолдиңгдин жетекчиси эскертти.

Түркмөнстандан электр энергиясын Өзбекстандын энергосистемасы аркылуу ташып келүү уланууда. Ошол эе учурда жакшы жаңылык менен да бөлүштү: энергожоготуулар жокко эсе жана калк менен керектөөчүлөр жүз пайыз акчасын төлөп жатышат. Жада калса, дебитордук карыздарын жылдын аягына чейин жапкандарга туум кечирилет деген акция да жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4180