Беш баланын апасы өлүмүнө күнөлүүлөрдүн атын жазып, асынып алган
RU

Беш баланын апасы өлүмүнө күнөлүүлөрдүн атын жазып, асынып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну, беш баланын апасы Зарина өзүнүн короосундагы өрүк багына асынып алган.

Аны өлүмгө жеткирген кайын энеси Айнура жана кайын эжелери Махабат менен Тахмина.

Бардык каармандардын аттары өзгөртүлгөн.

Эмне болгон?

Баткен райондук соттун токтомуна ылайык, айыптоочу тарап Айнура кыздары Махабат жана Тахмина менен келини Заринаны ар дайым кемсинтип, басынтып турушчу.

Кайын энеси келинди "бомж" деп тилдеп, Заринаны үйүнөн кууп чыгып, уулуна жаш, сулуу, бай кыз алып берем деп айтчу.

16-июнда кайын эне менен келиндин ортосунда кезектеги чыр-чыккан. Психологиялык басынтуудан улам Зарина өз жанын кыйганга барган. Ал өлүм алдында кат жазып, мындай кадамга барганына кайын энеси менен кайын эжелери күнөөлүү экенин айтат. Экспертиза каттагы кол жазма Заринаныкы экендигин тастыктаган.

Кайын эненин көрсөтмөсү

Сотто Айнура келини Зарина менен башынан эле тил табыша албаганын айтты. 16-июнда эжелерине конокко барып үйүнө кайтып келген. Келини аны жогол деп айткан. Айнура дароо кыздарына телефон чалып чакырткан. Бирөөсү коңшу турат, экинчиси Баткен шаарынан келген.

Андан тышкары дагы бир тууганын чакыртып, келин менен элдештирүүсүн суранган. Зарина бардык конокторду жакшы эле тосуп алган. Андан кийин Махабат экөө кайым айтышып, мушташа кетишкен. Камал аттуу тууганы экөөнү ажыраткан.

Бир канча убакыттан кийин Заринанын туугандары келип, анын кайда экенин сурашкан. Андан тышкары Заринанын күйөөсү Элдияр да келип калган. Ал келинчегин издеп, телефон чалган. Бирок эч ким жооп берген эмес. Түн жарымда ал аялын өрүк бакка асынып турган жеринен тапкан.

Заринанын апасынын көрсөтмөсү

Сотто жабыркаган тараптын расмий өкүлү катары Заринанын апасы Жамал болду. Анын айтымында кызы 2006-жылы турмушка чыгып, жолдошу экөө беш балалуу болушкан, үч кыз жана эки уул.

"Кызым турмушка чыккандан бери жакшы жашаган деле жок. Биринчи кыздуу болгондон кийин Элдияр Заринаны үйгө алып келип, аны менен жашабайм деген. Үч-төрт айдан кийин кайра алып кеткен. Мындай көрүнуш көп эле кайталанган. Кайын энеси да эч качан жанын койчу эмес", - деп сотто айтып берди.

Ошол кезде Зарина күйөөсү менен Россияда иштеп, эки кабат үй салган. Бирок Элдиярдын эжеси кызым Зарина менен уруша кетип, бул үйдө өзү жашай турганын айтып, кууп чыккан.

"Кайын эжеси ар дайым психологиялык жактан кызымды басынтып турчу. 2020-жылы Зарина ооруп калып, мен өзүм аны бактым. Ал кезде күйөө бала эжесинин үйүн ремонттоп жүрдү. Андан кийин эжеси ал үйгө эки баласы менен кирип жашап калды. Ошондон кийин гана Заринаны алып кеткен", - деп Жамал кошумчалады.

16-июнда Зарина апасына телефон чалып, үйүнө чакырган, "мындай жашоо болбойт, кайын эжелерим уруп жатат" деп айткан. Жамал башка туугандарын чакыртып алып кызынын үйүнө жөнөп кеткен. Кайын эжелеринин бири көйнөгүмдү айрып салды деп арызданган. Апасы Заринага телефон чалса, ал жооп берген эмес. Түндө күйөө баласы кызын бакка асынып турган жеринен тапкан.

Күйөөсү эмне дейт?

Ал күнү Элдияр жумуштары менен Баткен шаарына кеткен. Болжол менен кечки саат 22:00 апасы телефон чалып, анын келинчеги менен уруша кеткенин айткан. Элдияр досунун машинесин сурап үйүнө келген. Үйгө келсе келинчеги жок, апасы менен эжелери жана башка туугандары үйдө. Уруш чыкканын билип, аялы менен сүйлөшөм дейт. Бирок издеп таппай коет. Дөбөгө барып да издеп келет. Анткени мурда таарынганда Зарина ошол жака кетип калчу. Үйдүн ичинен, сарайдан таппайт. Элдияр аялын өрүк багына асынып турганын көрүп, кыйкырып, дароо чуркап барып жиптен чечет, бирок кеч болуп калат. Андан кийин туугандары милиция чакыртышат.

Элдияр анын келинчеги менен апасы көп эле урушуп жүргөнүн айткан.

Сот айыпталуучуларды кое берди

Сот залында үчөө тең өз күнөөлөрүн жарым жартылай моюндашты. Жыйынтыгында Баткен райондук сот 26-октябрда Айнура жана Тахминанын "Өлүмгө чейин жеткирүү" 136 берененин негизинде айыптуу деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан.

Ошондой эле сот Заринанын кайын энеси жана кайын эжесине карата эки жылдык пробацияны колдонуп аларды кое берген.

Сот чыгарган токтомго ылайык, аялдар пробация кызматкеринин көзөмөлүндө болушат жана уруксат алмайын өлкөдөн чыгып кете алышпайт.

Белгилей кетсек, пробация эркинен ажыратуунун ордуна колдонулат. Анда айыпталуучу белгилүү бир мөөнөткө чейин атайын кызматкердин көзөмөлүндө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4182