Таалатбек Масадыков Талиптерге карата Кыргызстандын позициясын билдирди
RU

Таалатбек Масадыков Талиптерге карата Кыргызстандын позициясын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда Талибан өкмөтүн таануу маселеси азырынча карала элек. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары билдирди.

Масадыковдун айтымында, ал мурда бул аймакта 15 жылдай жашаган. Бирок, өлкөдөгү жана аймактагы кырдаал кайсы багытта өнүгүп жатканын аныктоо кыйын.

Масадыков белгилегендей, талибдер бийликке келгенден кийин Афганистанда терс дагы, оң дагы өзгөрүүлөр бар. Анын айтымында, коопсуздук абалы жакшырып, бажы төлөмдөрү көбөйдү.

Кыргызстанда Афганистандын жаңы бийлигин таануу маселеси дагы деле каралган жок. Бирок, ал кандай болгон күндө да иш жүзүндө жетекчиликти көз жаздымда калтырууга болбоорун, белгиледи.

"Биздин өлкөнүн позициясы - бүгүнкү күндө эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү сыяктуу эле биз да таануу жөнүндө сүйлөшпөйбүз. Афганистандагы иш жүзүндө жаңы өкмөттүн өкүлдөрү менен диалог жана консультацияларды жүргүзүү керек деп жатабыз. Дүйнөдөлүк практикада баары сүйлөшүү жолу менен чечилет." , - деди ал.

Ошондой эле Кыргызстан Афганистандын тургундарына эларалык практиканын алкагында өтө чоң гуманитардык жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4189