Жогорку класстын окуучулары 15-ноябрга чейин метрикаларын жаңыртууга милдеттүү
RU

Жогорку класстын окуучулары 15-ноябрга чейин метрикаларын жаңыртууга милдеттүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орловка шаарындагы мектеп окуучуларынын ата-энелери Kaktus.media сайтына байланышып, мектептин талабы тууралуу айтып беришти.

Ата-энелердин айтымында, класстык чатка мектеп жетекчилигинен окуучулардын метрикасын милдеттүү түрдө өзгөртүү тууралуу билдирүү келген.

"Кайрылууда бардык жогорку класстын окуучулары 15-ноябрга чейин 164 сомго жаңы метрикага өтүшү керектиги жазылган. Бул эмнеси, дагы акча өндүрүүбү? Эми өкмөт бизди тоноону дагы бир амалын издеп жатабы?" – дейт ата-энелер.

Эмне үчүн метрикаларды – туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, өзгөртүү керек деген суроого - санариптештирүү үчүн, - деп жооп беришти.

"Жакында дагы башка акчага паспорт алышат. Аны алмаштырбасак эмне болот? Справка бербей коюшабы? Же окуудан чыгарабы? Эртең дагы эмнени ойлоп табышат?" – деп ата-энелер суроо менен кайрылышты.

МККдан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, чындыгында жергиликтүү калкты тейлөө борборлоруна айрым документтерди санариптештирүү керек деген көрсөтмө келген. Бул жакын арада паспорт алышы керек болгон мектеп окуучуларына тиешелүү.

"Алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү эски, аларды санариптештирүү керек. Бирок, бул ыктыярдуу демилге. Апрель-май айларында кардарлардын агымы көп болбосун деген максатта тездетүүнү суранышкан, анткени балдар экзамен беришет. Ата-энени шаштыруу мектептин демилгеси болушу мүмкүн", - деп билдирди МКК.

Эмне үчүн жогорку класстын окуучулары туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алмаштырышы керек, жакында кайра паспорт алышат деген суроого аталган башкармалык паспорт алып жаткан учурда деле бүтүрсө болот деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4193