Кайсы учурда жылыткычтарды иштеткен болбойт? "Түндүкэлектро" айтып берди
RU

Кайсы учурда жылыткычтарды иштеткен болбойт? "Түндүкэлектро" айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Түндүкэлектро" ААК максималдуу күч келип турган учурда электр энергиясын колдонуу режимин сактоого чакырат. Ансыз авариялык өчүрүүлөр жана электр жабыдктарынын бузулушу орун алышы мүмкүн.

Компаниянын айтымында, берилген электр жарыгы менен камсыздоонун техникалык шарттарына ылайык, эртең менен жана кечкисин линияга адаттан тыш күч келет. Ошол учурда жылыткычтарды иштетпей эле койгон оң.

Маселен, ноябрь айында максималдуу кубаттуулук колдонула турган убакыт төмөнкү сааттар:

  • эртең менен 07:00дон 10:00го чейин;
  • кечкисин 18:00дон 21:00го чейин.

Чүй жана Талас облустарында жана Бишккек шаарында электр энергиясын колдонуу күн санап өсүп, бүгүнкү күндө 20,678 млн кВт⋅ саатына сарпталууда. 2020-жылы бир күндүк норма 19,9 млн кВт⋅саатына болчу.

"Түндүкэлектро" ААК бардык жарандарды электрэнергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4201