Орхан Инанды азыр кандай көрүнөт. Сүрөт
RU

Орхан Инанды азыр кандай көрүнөт. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орхан Инанданын адвокаты Таалайкүл Токтакунова учурда Түркияда абакта жаткан Орхан Инанданын сүрөтүн жарыялады.

Токтакунова Kaktus.media сайтына билдиргендей, Инанды дагы эле дарыланып жатат жана Кыргызстандан уурдалган учурунда сынган оң колуна операция жасала элек.

"Ал жарым жыл гипсте жүрүп, колу жакшы бүтпөй калгандыктан, бинт менен таңып коюшкан. Колду кармап турган зымы да бар. Сүрөт түрмөнүн китепканасында тартылган", - деди ал.

Адвокат соттук териштирүү качан башталаары азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда президент Эрдоган түрк кызматы тарабынан атайын кармалганын жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инанданы кайтарууну талап кыларын билдирген. Түркияда Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо. Ал эми 18-сентябрда Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4204