"Түндүкэлектро" металл ширетүү үчүн электрэнергиясын колдонууга тыюу салды
RU

"Түндүкэлектро" металл ширетүү үчүн электрэнергиясын колдонууга тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Түндүкэлектро" абоненттерге кубаттуулукту көбөйтүү боюнча техникалык шарттарды берүүгө мараторий жарыялады. Андан тышкары металл ширетүүгө жана электр менен үйдү жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чара бардык категориядагы абоненттерге тиешелүү. "Улуттук энергохолдинг" бул кадамга күзгү жана кышкы жылытуу айларынан ийгиликтүү чыгуу үчүн барып жатат, деп компания түшүндүрдү.

Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ААК жана "Электр станциялар" ААК бөлүштүрүүчү компанияларга кайрылып, металл ширетүүчү жана башка энергетиканы көп талап кылган цех менен ишканаларды көрсөтүлгөн мезгил аралыкка өчүрүү мүмкүнчүлүгү боюнча кайрылуу жасаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4208