Оштун айдоочулары да жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда
RU

Оштун айдоочулары да жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урал Раманов кабарлады.

Анын айтымында, азыр бул маселе коомдук талкууга коюлду.

"Маршруттук таксилерде жол кирени 15 сомго чейин, муниципалдык транспортто 10 сомго чейин көтөрүү сунушталууда", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4209