ГЭСтер гана эмес. Кыргызстан Австрияны кызматташуунун жол картасын иштеп чыгууга чакырды
RU

ГЭСтер гана эмес. Кыргызстан Австрияны кызматташуунун жол картасын иштеп чыгууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-ноябрда Садыр Жапаров Борбордук Азия – Европа Биримдиги биринчи эл аралык экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхарт менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин мааалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы австриялык тарапка колдоо көрсөткөндүгү жана экономикалык форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. "Биз бул платформа келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин экономикалык кызматташтыгынын туруктуу механизми болуп калышын каалайбыз", - деп, Кыргызстан Австрияны Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында маанилүү өнөктөш деп эсептей турганын белгиледи.

Келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө пландалууда.

"Бул убакыт аралыгында биз көп жолду басып өттүк. Келерки жылы эки тараптуу кызматташуубуздун маанилүү датасын эске алуу менен австриялык тарапка бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү жана кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча биргелешкен жол картасын иштеп чыгууну сунуштайбыз", - деди Садыр Жапаров.

Президент эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Австрия менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди. Ал Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн товарлардын тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, Австрия менен биргеликте ири жана кичи ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Майкл Линхарт дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу кырдаалга карабастан кыргыз тарап иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Австрия Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен аймактык маселелер боюнча да кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери да талкууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4213